Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борборунун директору дайындалды.

02.10.2026916

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Медет Турсалиев «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор Нурхан Сүйүмкуловду тааныштырды.

Белгиленгендей, Нурхан Сүйүмкулов мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана тышкы соода тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ. Бул кызматка дайындалганга чейин ал ишкананын директорунун милдетин аткарып келген.

Тааныштыруу учурунда тышкы сооданын көлөмү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан түшкөн кайрылуулардын саны өсүп жаткан шартта «Бирдиктүү терезе» системасын мындан ары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Бүгүнкү күндө Борбордун алдында электрондук кызматтарды кеңейтүү, уруксат берүү жол-жоболорун онлайн форматка өткөрүү жана документтерди тариздөө мөөнөттөрүн кыскартуу милдеттери турат.

Ошондой эле «Бирдиктүү терезе» борбору Кыргыз Республикасынын тышкы соода экосистемасынын маанилүү бөлүгүнө айланып баратканы белгиленди. Мамлекеттик бажы кызматы менен Борбор натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлдү сактоо менен товарлардын зарыл болгон жол-жоболордон мүмкүн болушунча тез өтүшүнө шарт түзүү багытында биргелешип иш алып барууда.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №334 токтомуна ылайык, «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын карамагына өткөрүлгөн.