2026-жылдын 24-августунда өнөр жай чөйрөсүндө транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКЖЖ / ОТТС) жана шассинин түрүн жактырууну (ШТЖ / ОТШ) тариздөө процесстерин автоматташтырууга арналган маалыматтык тутум ишке киргизилет.

02.10.2026793


2026-жылдын 24-августунда өнөр жай чөйрөсүндө транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКЖЖ / ОТТС) жана шассинин түрүн жактырууну (ШТЖ / ОТШ) тариздөө процесстерин автоматташтырууга арналган маалыматтык тутум ишке киргизилет.

Тутумду иштеп чыгуучу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» МИ болуп саналат.

Тутумда кандай кызматтар жеткиликтүү? Тутумда төмөнкү кызматтар каралган:

  • транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКЖЖ / ОТТС) тариздөө;

  • шассинин түрүн жактырууну (ШТЖ / ОТШ) тариздөө.

Кимдер арыз ээси болуп саналат? ТКЖЖ жана ШТЖ боюнча арыз ээлери:

  • транспорт каражаттарын же шассилерди даярдоочулар (өндүрүүчүлөр);

  • даярдоочулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Арыз ээси кароо үчүн арызды жана зарыл документтерди берет.

Жол-жобо кандай өтөт? Учурдагы этапта тутум ишкердин жеке кабинети болуп саналбайт. Арыз жана зарыл документтер берилгенден кийин, жол-жобонун кийинки этаптары ТКЖЖ жана ШТЖ тариздөөгө катышкан ыйгарым укуктуу адистер жана уюмдар тарабынан маалыматтык тутумда ишке ашырылат.

Тутумда төмөнкүдөй этаптар аткарылат: арызды каттоо → кароо → экспертиза → тиркемелерди тариздөө → макулдашуу → ТКЖЖ/ШТЖга кол коюу → электрондук реестрге маалыматтарды киргизүү.

Ошентип, тутум тариздөө этаптарынын электрондук түрдө ырааттуу өтүшүн камсыздайт.

Тутумду киргизүү эмне берет? Процессти автоматташтыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга;

  • жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатууга;

  • тариздөө этаптарынын көзөмөлдөнүшүн камсыздоого;

  • арыздар жана документтер менен иштөөнү системалаштырууга;

  • реестрдеги маалыматтардын электрондук түрдө жүргүзүлүшүн камсыздоого;

  • жол-жобонун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө.