Расмий сайт · Мамлекеттик бажы кызматына караштуу «Бирдиктүү терезе» борбору» МИКөзү начар көргөндөр үчүн версияКадимки версия
Эски сайт

Борбор1 мүн. окуу

2026-жылдын 24-августунда өнөр жай чөйрөсүндө шайкештик сертификаттарын тариздөө жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо үчүн cert.trade.kg жаңы мамлекеттик маалыматтык тутуму ишке киргизилди.

86004d215832_cover_1d3b56d0.jpg

Тутум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» МИ тарабынан иштелип чыккан.

Жаңы тутум жол-жобонун катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • арыздарды жана зарыл документтерди электрондук тутумда тариздөөгө;

  • документтерди тапшырууга жана арыздын макамы жөнүндө маалымат алууга;

  • документтин номерин автоматтык түрдө түзүүгө;

  • документтин макамын текшерүү үчүн QR-кодду колдонууга;

  • көзөмөлдөөчү органдардын тутумга жүктөлгөн документтерге жеткиликтүүлүгүн камсыздоого.

Тутумга сертификациялоо органдары, декларацияларды каттоо органдары жана арыз ээлери катышат. Тутум жол-жобонун тиешелүү этаптарынын электрондук түрдө ырааттуу өтүшүн камсыздайт.

Арыз ээлери үчүн бул документтер менен иштөөнүн ачык-айкын жана көзөмөлдөнүүчү процессине өтүүнү, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууну жана ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуулугун жогорулатууну билдирет.

Маанилүү: жаңы тутум ЕАЭБдин (ББ) техникалык регламенттеринин талаптары боюнча документтерге карата колдонулат. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттери (КР ТР) боюнча документтер үчүн иш тартиби азырынча өзгөрбөйт — тариздөө мурдагы тутумда улантылат.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына тиешелүү документтерди тариздөөдө бул маалыматты эске алуу сунушталат.

Фоторепортаж

Басма сөз борбору

Дагы окуңуз