2026-жылдын 24-августунда өнөр жай чөйрөсүндө транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКЖЖ / ОТТС) жана шассинин түрүн жактырууну (ШТЖ / ОТШ) тариздөө процесстерин автоматташтырууга арналган маалыматтык тутум ишке киргизилет.

Тутумду иштеп чыгуучу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» МИ болуп саналат.
Тутумда кандай кызматтар жеткиликтүү? Тутумда төмөнкү кызматтар каралган:
транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКЖЖ / ОТТС) тариздөө;
шассинин түрүн жактырууну (ШТЖ / ОТШ) тариздөө.
Кимдер арыз ээси болуп саналат? ТКЖЖ жана ШТЖ боюнча арыз ээлери:
транспорт каражаттарын же шассилерди даярдоочулар (өндүрүүчүлөр);
даярдоочулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Арыз ээси кароо үчүн арызды жана зарыл документтерди берет.
Жол-жобо кандай өтөт? Учурдагы этапта тутум ишкердин жеке кабинети болуп саналбайт. Арыз жана зарыл документтер берилгенден кийин, жол-жобонун кийинки этаптары ТКЖЖ жана ШТЖ тариздөөгө катышкан ыйгарым укуктуу адистер жана уюмдар тарабынан маалыматтык тутумда ишке ашырылат.
Тутумда төмөнкүдөй этаптар аткарылат: арызды каттоо → кароо → экспертиза → тиркемелерди тариздөө → макулдашуу → ТКЖЖ/ШТЖга кол коюу → электрондук реестрге маалыматтарды киргизүү.
Ошентип, тутум тариздөө этаптарынын электрондук түрдө ырааттуу өтүшүн камсыздайт.
Тутумду киргизүү эмне берет? Процессти автоматташтыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга;
жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатууга;
тариздөө этаптарынын көзөмөлдөнүшүн камсыздоого;
арыздар жана документтер менен иштөөнү системалаштырууга;
реестрдеги маалыматтардын электрондук түрдө жүргүзүлүшүн камсыздоого;
жол-жобонун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө.



